ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматы шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин кезектеги бузулушун аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык кызматы тарабынан уюштурулган кезектеги рейддин жүрүшүндө Свердлов районунун аймагында санитардык-экологиялык ченемдердин бузулушу аныкталды.


“Аламүдүн-1” кичи районунун Ауэзов көчөсүндө жайгашкан “Амин” май алмаштыруу жана техникалык тейлөө станциясынын айланасында кургак таштандылар, суюк тирилик таштандылары баш аламандыкта, жолдун жээгине чейин  ташталары аныкталды. Ошону менен бирге кургак таштандыларды өрттөө атайын чектелген жерде жүргүзүлбөйт.

Рейддин жыйынтыгы менен СЭИ кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилиги жөнүндө”  Кодексинин 488, 489-беренелери боюнча “Амин” ишканасынын жетекчилигинин атына протокол толтурулуп, чара колдонуу максатында Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.