ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Реконструкциялоодон кийин шаардын Гагарин көчөсү ачылды

Бүгүн баш калаада реконструкциялоодон кийин Гагарин көчөсүнүн аяылыш аземи болду. Жолдун ачылышына шаар башчысы Иса Өмүркулов катышты.


“Ак-Ордо” конушу аркылуу өткөн Гагарин көчөсүнүн жалпы узундугу 0,740 км., ал эми туурасы 16 метрди түзөт. Жол кыртышына эки катмарлуу асфальт төшөлүп, жол бетине белгилер түшүрүлдү. Курулуш иштерин “Мостгрупп” ЖЧК аткарды.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы “Ак-Ордо” конушунун тургундары менен жолукту. “Гагарин көчөсү шаардын борбордук бөлүгү менен “Ак-Ордо” конушун байланыштырып турат. Жакынкы күндөрү көчө боюнча муниципалдык транспорт каттай баштайт. Ал эми 2014-жылы көчөнү жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт”,- деди шаар башчысы Иса Өмүркулов.

Мындан тышкары, шаардын жаңы конуштарындагы көйгөйлүү маселелер – суу менен камсыз кылуу, коомдук транспорт менен тейлөө жана жолдорду оңдоо болуп саналаарын, бул маселелерди чечүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүп жаткандыгын шаар башчысы белгилеп өттү.

Алсак, “Ак-Ордо” конушунда жол оңдолуп, транспорт менен камсыз кылуу чечилди. 2014-жылы “Башкарасуу” долбоору боюнча суу менен камсыздоо маселеси чечилет. Ушул эле маселе “Алтын-Ордо” конушунда да чечилмекчи.

Кийинки жумада “Ак-Ордо” конушу менен Анкара көчөсүн байланыштыруучу Виноградная көчөсүндөгү жаңы көпүрө ачылмакчы.