ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы Иса Өмүркулов Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлерин материалдык сыйлыктар менен сыйлады

Шаар башчысы Иса Өмүркулов Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлерин ыкчам-изилдөө иштерин жогорку чеберчиликте жүргүзгөндүгү үчүн материалдык сыйлыктар менен сыйлады.


“Былтыркы жылга салыштырмалуу шаарда кылмыштардын бетин ачуунун саны жогорулады. Шаардын жаңы конуштарында кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында “Таяныч пункттары” ачылды. Наристелерди уурдоо, аларды сатууга окшогон кылмыштардын катталышы менин эсимде жок. Төртүнчү төрөт үйүндө катталган бул окуя мурда болуп көрбөгөн окуя. 2010-жылдан бери бул мекеменин жетекчилиги тынымсыз алмашып турган. Административдик жактан тартипти камсыз кылабыз”,- деди шаар башчысы.

И.Өмүркулов, кылмыштардын бетин ачууда көрсөткөн жогорку чеберчиликтери үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери мындан ары да сыйланып тураарын белгиледи.

Төртүнчү төрөт үйүнөн уурдалган наристени табууда көрсөткөн жогорку кесиптик чеберчиликтери үчүн:

-Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштарды иликтөө башкармалыгынын улук кызматкери, милициянын подполковниги Санжарбек Абышев;

-Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштарды иликтөө башкармалыгынын улук кызматкери, милициянын подполковниги Нурлан Жүнүшбаев;

-Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштарды иликтөө башкармалыгынын улук кызматкери, милициянын ага лейтенанты Ислам Ырысалиев;

-Октябрь РИИБнын №4 ШМБүнүн Кылмыштарды иликтөө башкармалыгынын кызматкери, милициянын капитаны Эдил Мамасадыковдор сыйланышты.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлерин Бишкек шаардык Кеңеши Ардак Грамоталар жана “Патриот” төш белгиси менен сыйлады.

Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында шаардык №4-төрөт үйүндө төрөлгөн наристе уурдалып, Бишкек шаардык ИИББнын жана Октябрь райондук ИИБнын кызматкерлери тарабынан кылмыштын бети ачылгандыгын эске салабыз.