ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы баш калаанын Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын ишин канаттандыраарлык эмес деп баалады

Шаар боюнча жүргүнчүлөрдү тейлөө да төмөнкү деңгээлде.

“Шаардын жолдорундагы абал өзгөрүүсүз калып келүүдө. Көчө бойлой унаалар баш аламандыкта токтотулгандыктан аялдамаларга жакын келүүгө мүмкүн эмес. Унаа ээлери аялдамаларга, жол кесилиштерине токтой беришип, жолдордо баш аламандык күн өткөн сайын күч алууда. Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын бул багытта алып барып жаткан иши байкалбайт”,- деди шаар башчысы Иса Өмүркулов.

Айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты коомчулукта терс пикирлерди жаратууда.

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 17-ноябрына чейинки мезгилде Бишкек шаары боюнча 2472 (1501) жол кырсыгы катталып, алардын ичинен 90 унда (77)  адам өмүрлөрү кыйылган жана 3042 (1753) учурда адамдар жаракат алышкан. Бишкек шаары боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 64,6% га көбөйгөн. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрынан 17-ноябрына чейин 71 (56) жол кырсыгы катталып, 3 (0) адам көз жумган жана 87 (67) адам жаракат алган.

 

Шаар боюнча балдардын жол кырсыктарына дуушар болушу 2012-жылга салыштырмалуу 59,6% га көбөйгөн.