ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте туруктуу жашоочу жерлери жок адамдарга убактылуу баш маанек берүүчү мекемелер өз иштерин баштады

Азыркы учурда баш калаада туруктуу жашоочу жерлери жок адамдарга убактылуу баш маанек берүүчү мекемелер өз иштерин баштады.

Шаардын Свердлов районунуда 40 орунга эсептелген мекеме өз ишин баштады. 

Ал эми 12-кичи райондо 60 орундуу мекеме ачылып, 3 кенен бөлмөдөн турат. Бөлмөлөр оңдоодон өткөрүлүп, жылытуучу жабдуулар коюлган жана тиешелүү шарттар түзүлгөн. Аталган мекемелерге күнүнө бир жолу, тактап айтканда, кечкисин ысык тамак жеткирилип турат. Ошону менен бирге мончонун жана чач тарачтын иштөөсүн уюштуруу белгиленүүдө. Баш маанек берүүчү мекемеде №15-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барышат. Бүгүнкү күндө аталган мекемеде жашап жаткан адамдардын саны 20 кишини түзөт.

Биринчи Май районунда “Коломто” мекемеси жашай турган жерлери жок адамдар менен жыл бою иш алып барат. Мекеме райондук бюджет тарабынан каржыланат жана 70 адамга эсептелип  3 млн. 600 миң сом каражат бөлүнөт. “Коломто” мекемесинде 18 кызматкер эмгектенишет, үстүбүздөгү жылдын 10 айында 643 адамга жардамдар көрсөтүлгөн.

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматтары боюнча, үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрынан 10-ноябрына чейинки мезгилде “Селсаяк” рейди жүргүзүлүп, шаардын орууканаларына жана убактылуу баш маанек берүү мекемелерине 428 адам бөлүштүрүлгөн, алардын 28 аялдар түзөт.

Шаарда туруктуу жашоочу жерлери жок адамдардын саны жыл өткөн сайын көбөйүүсү жана жаштар басымдуулук кылаары белгиленүүдө.