Бишкек шаарына Санкт-Петербург шаарынан кеңири курамдагы делегация келди
- Подробности
- Опубликовано 22.10.2013 17:42
Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында Бишкек шаарына Санкт-Петербург шаарынан кеңири курамдагы делегация келди.
Делегация баш калаабызда 27-октябрга чейин болот.Делегациянын курамы 68 адамдан туруп, ага бизнес түзүмдөрүнүн, саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү, тактап айтканда, Мариин театрынын балеттик труппасы кирет.
Делегаттардын негизги максаты – тажырыйба алмашуу. Театрдын балеттик труппасы бишкектиктерге концерттик программасын тартуулайт. Жолугушуулардын жүрүшүндө Санкт-Петербург менен Бишкек шаарларынын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун Санкт-Петербург делегациясы менен жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргызстандык дарыгерлер менен мугалимдердин Санкт-Петербург шаарында кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу боюнча курстарды уюштуруу маселеси каралды.
Мындан тышкары, Санкт-Петербург шаары өз жарманкелеринен Кыргызстандын экологиялык жактан таза продукцияларына акысыз орун берүүгө даярдыгын белгиледи. Өз кезегинде шаар башчысы Иса Өмүркулов 2014-жылы Санкт-Петербургда Бишкек шаарынын күндөрүн өткөрүүнү сунуш кылды.
Бишкек шаары менен Санкт-Петербург шаарларынын ортосундагы бир туугандык байланыштар 2012-жылдын жай айларында түзүлгөн. Өз ара кызматташтык боюнча келишимге Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов жана Санкт-Петербург шаарынын губернатору Георгий Полтавченко тарабынан кол коюлган.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
31.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |