ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Пишпектин биринчи старостасы Илья Терентьевдин үйүн реставрациялоо боюнча расмий иш-чара өткөрүлдү

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыгүл Белекова, Россиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси катышты.


Иш-чараны Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов ачып: “Илья Федотович Терентьев Пишпектин эң алгачкы шайланган старостасы болгон. Илья Федотович шаар жетекчиси болуп турган мезгилге – биринчилерден болуп шаар четиндеги Дунган кыштагында көчөлөрдү түздөө, ошол учурдагы белгилүү багбан Фетисовдун жардамы менен Кара Жыгач, Дуб багы (бир бөлүгү азыркы Эркиндик бульвары) жана сейил бактары негизделе баштаган. Шаардын тунгуч старостасы азыркы Бишкек шаарынын турмушка кадам шилтөөсү үчүн анын тушоосун кескен. Ал үйлөрдү, көчөлөрдү куруп, шаар ичине бак олтургузган. Бир мезгилдерде Терентьевдин жашыл бактарынын жыпар жыты аңкып, суктанууну жараткан. Жигердүү эмгеги үчүн шаар башчысы үч ирээт эң жогорку даражадагы сыйлыктарга татыктуу болгон.  Терентьев жашаган үй – биздин шаарыбыздын тарыхынын бир бөлүгү, ал эми тарых азыркы муундун өкүлдөрү тарабынан колдоого алынат. Тарых өткөн мезгилге гана таандык болбостон, биздин учурга да тиешелүү. Шаардын тарыхы – адамдын жеке таржымалы сымал. Эгерде тарых унутулуп калса, адамдар өз мекени, өз шаары жөнүндө эскерүүлөрдөн ажырап калган болоор эле. Тарыхтын эстелигине айланган бул үйдү калыбына келтирүү – тарыхтын өткөн жана учурдагы мезгилин колдогонубуз, шаарыбызды урматтап, сыйлаганыбыз”,- деп белгиледи.