ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү А.Токомбаев көчөсүндө курулган жаңы көпүрөнүн ачылыш аземине катышты

Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында  шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү А.Токомбаев көчөсүндө курулган жаңы көпүрөнүн ачылыш аземи өткөрүлдү.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев,  Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы аткарылган иштер жана 2014- жылга белгиленген иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.

“2013-жылы түркия кредитинин, республикалык жана шаардык бюджеттердин эсебинен 45 км. жол оңдоодон өткөрүлдү. Белгиленген иштердин 90% аткарылды. 2014-жылы жол куруу жана реконструкциялоо иштери улантылат”,- деди шаар башчысы.

А.Токомбаев көчөсүн реконструкциялоо 2013-жылдын апрель айында башталган. Жолдун жалпы узундугу 4 км түзөт. Байтик Баатыр көчөсүнөн 12-кичи районго чейинки бөлүгү 3,2 км. түзөт, ал эми 12-кичи райондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн узундугу 1 км. түзөт.

Жаңы автомагистралдык көпүрөнүн узундугу 60 метрди түзүп, 12-кичи районду жана Шаабдан Баатыр көчөсүн байланыштырып турат.

Аталган автострада шаар тургундары жана бөлөк регионднордун жашоочулары үчүн да оңтойлуу шарттарды түзөт. Көк-Жар айылынын, Аламүдүн, Сокулук райондорунун тургундары түз байланышта боло алышат.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы А.Атамбаев 2010-жылдагы революциядан кийин негизги каражаттар Ош шаарына жумшалгандыгын, ошондой эле 2005-2009-жылдары 18 км. жол оңдолсо, 2010-2013-жылдары 118 км. жол оңдолгондугун белгиледи.

Аталган көпүрөнүн курулушу кыска мөөнөттө бүткөрүлдү жана сапаттуу аткарылды. Курулуш иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган обьекттерди демонтаждоо да жүргүзүлдү.

Жакынкы мезгилде жол жээгине тротуарларды, газондорду, тышкы жарыктандырууну куруу иштери аяктайт.

Долбоорду ишке ашыруу Түркия кредитинин эсебинен кыргыз-түрк консорциуму тарабынан аткарылды.

Долбоорду ишке ашырууга 245,5 млн. сом өлчөмүндө каражат жумшалды.