Бүгүн шаар башчысы Иса Өмүркулов Европа Кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту
- Подробности
- Опубликовано 15.11.2013 15:08
Европа Кеңешиннин делегациясын Тышкы иштер байланыштары боюнча Департаменттин бөлүм башчысы Йири Вогль мырза жетектеди.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы мэрия тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Өз сөзүндө Иса Өмүркулов: “Биздин алып барып жаткан иштерибиз дайыма эле ойдогудай боло бербейт. Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы шаарларынын катарына кошулсак деген аракеттерибиз күчтүү. Бирок, экономикалык өнүгүүсүз алдыга жылышыбыз жай болоору маалым, ошондуктан Европа өлкөлөрүнүн тажырыйбасы биз үчүн өтө баалуу”,- деди.
Мындан тышкары мэр, кызматташтыкты эки тарапка бирдей пайдалуу жүргүзүүнү белгиледи.
Өз кезегинде Йири Вогль мырза, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу багытында кызматташтыкты кеңейтүү чараларын белгиледи.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |