ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Түркия делегациясы менен жолукту

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Түркиянын жол полициясынын башчысы Хамза Алтынташ мырза жана айдоочулар палатасынын төрагасы Февзи Апай мырза жетектеген Түркиялык делегация менен жолукту.

Жолугуулардын башкы максаты болуп – Бишкек шаарынын ири соода базарларынын айланасында жол кыймылын тартипке келтирүү, шаардын жолдорундагы тыгындарды жоюу жана жол беттерине белгилерди түшүрүү боюнча тажырыйба алмашуу эсептелет.

Жолугушуулардын жүрүшүндө шаар башчысы: “Биздин шаар үчүн жолдордо пайда болгон унаа тыгындарын жок кылуу, жол бетине керектүү белгилерди түшүрүү жана жүргүнчүлөрдү тейлөө системасын жакшыртуу маанилүү маселелерден болуп саналат”,-деди. 

Хамза Алтынташ  унаа ээлери боюнча бирдиктүү компьютердик база түзүүнү жана аталган система жолдо жүрүү эрежелерин бузуулардын санын азайтып, айыптык санкцияларды көзөмөлдөөгө жакшы шарттарды түзөөрүн белгиледи.

Азыркы учурда Түркиялык адистер шаардын борбордук көчөлөрүндөгү кыймылды изилдөөнү башташты.