ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы “Ротор” буу казаны реконструкциялангандан кийин, анын ачылышына катышты

Шаар башчысы Иса Өмүркулов өз сөзүндө: “Буу казанын реконструкциялоодо баардык технологиялык шарттар эске алынды. Буу казаны мындан аркы ишинде экологияга өзүнүн терс таасирин тийгизбейт.
 “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын эсебинде 58 буу казаны катталган, келечекте алар дагы жылытуунун альтернативдик жолдоруна өткөрүлөт”,-деди.
Ошондой эле шаар жетекчиси, мындан ары “КЭЧ-2” буу казанын реконструкциялоого 15,0 млн сом каражат жумшалаарын белгиледи. Реконструкциялоодон кийин үнөмдөөлөрдүн көлөмү 100 млн. сомду түзөт. 
Бүгүнкү күнү шаарды жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылып туруу үчүн тиешелүү мекемелерге шаардык бюджеттин эсебинен 450-460 млн. сом каражат бөлүнүп турат.
Шаардагы буу казандарын альтернативдик жылытууга өткөрүү иштери 2012-жылдан бери жүргүзүлүп келүүдө, азыркы учурда 5 буу казаны альтернативдик жылытууга өткөрүлдү.
Үстүбүздөгү жылы “КЭЧ-1” буу казанын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө, аткарылган иштердин натыйжалуулугун эске алуу менен долбоорду мындан ары да улантуу чечими кабыл алынды.
“Жал” кичи районунда 9,5 миң калк жашайт, 9 бюджеттик мекемелер бар, алардын эң ирилеринен болуп Эне жана баланы коргоо Улуттук борбору, Кыргыз улуттук аскер лицейи саналат. Аталган кичи районду жылуулук менен камсыз кылуу сапатын жакшыртуу жана бюджеттик ассигнованиялардын чыгымдарын кыскартуу максатында “Ротор” буу казанына кургак отун менен иштөөчү 6 МВт кубаттуулугундагы 2 котлоагрегат орнтулду. Бул жабдуунун коюлушу шаардыктарды жай мезгилинде ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыздап, ал эми кышында жаратылыш газын үнөмдөө менен газ менен толук камсыздоого оңтойлуу шарт түзөт. 
Жүргүзүлүп жаткан иштердеги дагы бир жаңылык – бул скрубберлердин орнотулушу. Аталган жабдуу кургак отундун күйүү учурунда газ суюктуктарынын пайда болушун жана абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун азайтат. Скруббер бүгүнкү күнгө чейин пайдаланууда кездеше элек жаңы жабдуу болуп эсептелет. 
“Ротор” буу казанын реконструкциялоого кеткен чыгымдар 12,5 млн сомду түздү жана жылына отунду үнөмдөөдөн түшкөн каражат 52,5 млн. сомду түзөт.
Аталган иштерден тышкары “Бишкекжылуулукэнерго” Коммуналдык ишканасы тарабынан мазут менен иштөөчү “Ботсад” буу казанын реконструкциялоо иштери да аяктоодо. “Ботсад” буу казаны италиялык өндүрүштүн жабдуулары менен жабдылып, керектөөчүлөрдү жылуулук менен толук кандуу камсыз кылат.
Үстүбүздөгү жылы аткарылган иш-чараларпдын көлөмү 100,0 млн. сом өлчөмүндөгү каражатты түзөт.