ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 1937-1938-жылдардагы репрессияда курман болгондордун жаркын элесин эскеришти

Бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 1937-1938- жылдардагы репрессияда курман болгондорду эскерүү боюнча митинг-реквием болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, баш калаанын райондук администрацияларынын башчылары жана репрессия курмандыктарынын жакын туугандары катышты.

Митинг-реквием эстеликтерге гүл чамбарларды коюу, үч жолу залп берүү менен башталды. Митинг-реквиемди Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуклов ачты.
“Бүгүн биз Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөн, элибиздин эркиндиги үчүн жанын курман кылган, улуу инсандарыбызды эскерүү үчүн чогулуп олтурабыз.
Быйылкы жыл массалык террордун, адамзаттын көкүрөгүнө айыккыз жара салган мезгилден бери 75 жыл өткөн мезгил. 1937-1939-жылдар тарыхта  кара тамга менен белгиленип кала берди. Ал жылдар 1917-жылкы Улуу Октябрь Революциясынан кийинки саясий репрессиялардын мезгили болуп белгиленет. 
Мына ушундай кесепеттүү кырдаал  биздин элди да четте калтырбады.  Мекенибиздин эркиндикке умтулган, кыргыз элинин келечеги үчүн бийик ой-максаттарын көтөрүп чыккан  алдыңкы  уулдары курмандыкка дуушар болушкан.
“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде улуу мекендештерибиз менен бир катарда 2010-жылдын 7-апрелинде эркиндик үчүн, чындык үчүн курман болгон баатырларыбыз да жатышат. 
Биз бүгүн мекен баатырлары үчүн баш ийип, тизе бүгүп таазим кылабыз! Баатырларыбыздын, улуу мекендештерибиздин жаркын элестери элибиздин биримдигине, ынтымак-ырашкерчилигине чакырып, өлкөбүздүн жаркын келечегине үндөсүн”,- деди  өз сөзүндө Иса Өмүркулов. 
Иш-чаранын алкагында саясий репрессияда курман болгондордун жакындарына 28 миң сом өлчөмүндө материалдык жардамдар көрсөтүлдү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Ыманалы Айдарбековдун небереси – Вифаргуль Айдарбекова чыгып сүйлөп: ” Биздин аталарыбыз кандай гана кыйын шарттарда мамлекетибизди түптөп, элибиздин биримдигин бир тамчыдан түзгөн. Бул өтө кыйын, ошол эле мезгилде жооптуу милдет болгон. Биздин азыркы Кыргызстаныбыздын келечеги ошол биздин аталарыбыз жашаган тарыхий мезгил менен түздөн-түз байланышкан. Улуу тарыхыбыз болгондугу үчүн бүгүнкүдөй эркин коомдо жашап келебиз”,- дейт ал өз сөзүндө.