Шаарда өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз орнотулган жана эскирген тышкы жарнамалардын 63 бирдиги алынып салынды
- Подробности
- Опубликовано 16.11.2013 14:42
Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама Департаменти өткөргөн рейддин жыйынтыгы менен мыйзамсыз орнотулган жана эскирген тышкы жарнамалардын 63 бирдиги алынып салынды.
Рейд шаардын Л.Толстой, Тоголок Молдо, Т.Фрунзе жана Чоротегин көчөлөрүндө жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө 11 штендер, 1 такта, 38 керм, 4 кронштейн, 2 тактача жана 2 көрсөтмө тактасы алынып салынды.
Аталган иш-чаралар “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамына жана Бишкек шаарынын мэриясынын “Шаардын көркөм-эстетикалык абалын жакшыртуу чаралары жөнүндө” токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |