ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында “Кургак таштандыларды тазалоо боюнча иш жүргүзүү” долбоору кезектеги талкуулоого алынды

Бүгүн 2013-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясында “Кургак таштандыларды тазалоо боюнча иш жүргүзүү” долбоору кезектеги талкуулоого алынды, долбоорду ишке ашыруу Европа өнүктүрүү банкы менен кызматташтыкта аткаруу белгиленген.

 

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа өнүктүрүү банкы тарабынан 15 жылдык мөөнөткө грант шарттарында жана жеңилдетилген насыя ирээтинде 23,4 млн. евро берилиши белгиленген.
 
 Долбоорду талкуулоого райондук администрациялардын, тиешелүү шаардык кызматтардын, аймактык өз алдынча башкаруу органдарынын, жаңы конуштардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
 
Талкуунун катышуучуларына таштандыларды кайра иштетүү, эл аралык стандарттын талаптарына жооп берүүчү полигон куруу, таштандыларды механикалык-биологиялык кайра иштетүүдөн өткөрүү участокторун куруу, адистештирилген техникалык каражаттарды, таштандыларды чогултуу үчүн контейнерлерди сатып алуу жана дагы ушу сыяктуу иш-чаралар сунушталды.
 
 Негизинен талкуунун катышуучулары аталган долбоорду ишке ашыруу зарылчылыгын колдошту жана учурдагы кургак таштандыларды тазалоо боюнча иш жүргүзүү системасын өнүктүрүүнү жана бул багыттагы көйгөйлүү маселелерди тез арада чечүүнү белгилешти. 
 

Долбоорду ишке ашырууга жарандык коомду активдүү катыштыруу жана кабыл алынган чечимдер, аткарылган иштер жөнүндө коомчулукка маалымат берип туруу сунушталды.