ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк Китеп жана автордук укуктун күнүнө карата арналган иш-чара К.Баялинов атындагы китепканада өткөрүлгөндүгүн билдирет

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк Китеп  жана автордук укуктун күнүнө карата арналган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте өткөрүлүп, ага Бишкек шаарындагы мектептердин окуучулары жана мугалимдери, кесиптик жана жогорку окуу жайларынын студенттери, мекеме-уюмдардын кызматкерлери, жаш окурмандар, кыргыз элинин белгилүү акындары жана китеп авторлору катышты.

 

 

Иш-чарада “Эне тил”, “Ата журт”, “Манас”, “Кыргыз жаштары”, “Ата-эне” жана башка темадагы ырлар таланттуу жаштар тарабынан көркөм окулуп, № 59 орто мектептин окуучулары Б.Жакиевдин “Манастын уулу Семетей” драмасынан үзүндүлөрдү аткарышты.
 
“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын кызматкери “Ойлон кыргыз” аттуу автордук ырын обону менен тартуулап катышуучулардын купулуна толду.
 
Өзгөчө көңүл жаш акындарга, поэзия дүйнөсүн баалаган чыгармачыл жаштарга арналып, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун төрагасы Райымжан Курбанов тарабынан көркөм окулган, мекенчилдикке чакырган ырлар жаштардын демине дем кошту.
 
Иш-чарага жигердүү катышкан таланттуу жаштарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан басылып чыккан Б. Сарногоевдин 80 жылдыгына арналган “Тилим менин – дилим менин” аттуу ыр жыйнагын жана дипломдорду Анатай Өмүрканов, Кыялбек Урманбетов сыяктуу белгилүү акындар тапшырышты.