ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Челябинск областынын жана Алтай крайынын өкүлдөрү менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен социалдык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Россиялык өнөктөр Челябинскиде жана Алтайда чыгарылган тракторлордун, кар тазалоочу унаалардын, тышкы жарыктандыруу каражаттарынын бет ачарын өткөрүштү.

 

Бишкек шаарынын мэри И. Өмүркулов өз сөзүндө, Бишкек шаары Россия Федерациясынын Москва, Санкт-Петербург шаарлары менен тыгыз байланышта экендигин, жакында эле Россиядан алынган 29 троллейбустун бет ачары өткөрүлгөндүгүн жана мындан ары финансы каражаттарын курулуш чөйрөсүнө багыттоо мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи. Өз сөзүндө Челябинск областынын экономикалык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Игорь Лашман Россия менен Кыргызстан постсоветтик мейкиндикте эң жакын өлкөлөрдөн
болушаарын, келечекте өндүрүш жана айыл-чарба тармактарында жалпы долбоорлорду киргизүү ишенимин айтты.
 
Жолугушуунун аягында И.Өмүркулов учурда эки тараптуу кызматашууну ийгиликтүү жүргүзүүгө бардык шарттар бар жана ага Бишкек шаары даяр экендигин билдирди.