Бишкек шаарынын мэриясынын Атаандаштык саясаты боюнча башкармалыгы мектептерде, балдар бакчаларында жана социалдык мекемелерде тамак берүүнү уюштуруу жана азык-түлүктөрдү сатып алуу боюнча тендер жарыялайт
- Подробности
- Опубликовано 13.05.2013 17:13
Бишкек шаарынын мэриясынын Атаандаштык саясаты боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына ылайык мектептерде, балдар бакчаларында, карылар үйлөрүндө, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн калыптандыруу борболорунда жана пансиондордо тамак берүүнү уюштуруу жана азык-түлүктөрдү сатып алуу боюнча тендер жарыялайт.
Тендердик комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, шаардык Кеңештин депутаттары, ЖМКнын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү кирет.
Сатып алуучу мекемелер:
-Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык тамактандыруу департаменти;
-Ленин райондук карылардын жатак-үйү;
-Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн калыптандыруу борбору;
-Бишкек шаардык карылардын жатак-үйү;
-“Коломто” мээримдүүлүк үйү;
-“Ардагер” пансиону;
Мамлекеттик сатып алуулар, тендер боюнча“Азык-түлүктөр кеңири ассортиментте” деген ыкма аркылуу азык-түлүк бааларын белгилөө менен жүргүзүлөт.
Азык-түлүктүн кыскача аталышы
|
Техникалык адист.
|
Өлчөө бирдиги
|
Жалпы саны
|
Кутудагы “Роллтон” тоок шорпосу 110 гр.
|
МС талабы б/ча
|
даана
|
300,0
|
Суп приправасы (ассортиментте) 0,300 гр. кутучада
|
МС талабы б/ча
|
даана
|
1 500,0
|
Тандалган кызыл сабиз
|
стандарт б/ча
|
кг
|
14 450,0
|
Каймак майы, майлуулугу 82,3%
|
КМС талабы б/ча
|
кг
|
4 000,0
|
Индия жана цейлон чайы
|
МС талабы б/ча
|
кг
|
130,0
|
Тендерге катышуу боюнча өтүнмөлөр 14-май саат 14-00го чейин берилет.
Тендердик өтүнмөлөрдү ачуу Бөкөнбаев көч. 145 дареги боюнча 14-майда саат 14-00до жүргүзүлөт.
Тендерге тиешелүү документтер, Бишкек ш. Карасаев көч. 41 дареги боюнча Атаандаштык саясаты боюнча башкармалыктан берилет.
Кененирээк маалыматты 44-34-79 телефону аркылуу алса болот.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
22.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |