ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаардын мугалимдерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Улуттук Т.Сатылганов атындагы филармониясында “Мугалимдер күнүнө” арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, вице-мэрлер, райондук администрация башчылары, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, эмгек сиңирген мугалимдер, билим берүү тармагынын ардагерлери, мугалимдер катышты.

 
Шаардын мугалимдер жамаатын шаар башчысы И.Өмүркулов куттуктады. “Мугалимдер күнү – өз устаттарына, агай-эжелерине таазим кылуу менен терең ыраазычылык билдирүүчү жалпы элдик майрам, анткени ар бир адам мугалимдин тарбиясын алып, кат сабатын жоюп, билим алган. Педагог болуу - бул жөн гана кесипке ээ болуу эмес, бул тагдыр. Өтө сезимтал, мээримдүү жана жан дүйнөсү бай адам гана сезими тунук наристелерге, өспүрүмдөргө эң керектүү, эң маанилүү, эң калыс сөздү, асыл ойду жеткирип, туура багыт берип тура алат.  Урматтуу мугалимдер, Сиздердин эмгегиңиздер дайыма коом турмушунун борборунда турат, Сиздер билимдин, маданияттын, руханий байлыктарыбыздын сакчылыгында туруп, аларды  муундан муунга жеткирип келесиздер.
Сиздерге түйшүктүү, оор эмгегиңиздерде чыгармачылык жаратмандыкты, жаңы-жаңы ачылыштарды каалайм! Эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, кадырлуу эмгегиңиздерге таазим кылабыз!”,- деди Иса Өмүркулов.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы мугалимдерге жана эки этапта өткөрүлгөн “Жүрөгүм балдарга арналат-2013” конкурсунун жөңүүчүлөрүнө сыйлыктар, баалуу белектер тапшырылды.
 
Конкурстун биринчи этабы 2013-жылдын 22-25-апрелинде төрт аталышта өткөрүлгөн. Конкурстун жобосуна ылайык мугалимдер ачык сабактарды, чыгармачылык иштеринин бет ачарларын көрсөтүшкөн.
 
Конкурска 18 мугалим катышты. Жеңүүчүлөргө аталыштар боюнча төмөнкү сыйлыктар тапшырылды:
1-орунга 50 миң сом, 2-орунга 40 миң сом, 3-орунга 30 миң сом.
 
Конкурстун экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча: интерактивдик такталар, кеңсе техникалары жана компьютердик жабдуулар тапшырылды.