ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти мыйзамсыз курулган турак-жайларды бузду

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти “Арча-Бешик” конушундагы Чортеков көчөсү, №301, 302 дареги боюнча мыйзамсыз курулган эки үйдү бузду.

 
7,0 х 15,5 м өлчөмүндөгү №301-үй Г. Бактыбаевага, 10,15 х 10,35 м өлчөмүндөгү №302-үй С. Доороновго таандык.
 
Жеке турак-жайын куруу үчүн жер тилкелери Ленин райондук администрациясынын               12-сентябрь 2005-жылдагы №266-токтомунун негизинде берилген.
 
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 3-май 2013-жылкы чечиминин негизинде, муниципалдык жер тилкелерине мыйзамсыз курулган турак-жайларды бузуу боюнча Департаменттин берген доосу канааттандырылган.