ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарында 100 жаштан ашкан 10 адам жашайт

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 100 жаштан ашкан 10 адам жашайт. Алардын ичинен үчөөсү Октябрь районунун тургундары.

 
Алардын улуусу 108 жашка чыкты, экөөсү 102 жашта.
 
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри 108 жаштагы Тентимишева Касина менен жолугушту. Касина Тентимишева 13 неберелүү, 11 чөбөрөлүү.
 
“Кылым жашаган адамдарыбызга үзгүлтүксүз көңүл бөлүп турушубуз зарыл. Мындай адамдардын тобуна шаарыбыздын мэриясы дайым көңүл бөлүп турат. Улгайган адамдарыбыз үчүн комплекмтүү иш-чаралар жүргүзүлүп, социалдык колдоолор көрсөтүлүп турат”,- деди шаар башчысы.