ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов майрамдык иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарды

Бишкек шаары биринчи жолу өз майрамын уюшкандыкта, массалык түрдө жана узак мөөнөттө белгиледи. Шаар жетекчилиги бир ай бою кароо-сынактарды, фестивалдарды, акцияларды, көргөзмөлөрдү, маданий-массалык, спорттук иш-чараларды өткөрдү.

 
“Биз шаар майрамын массалык түрдө өткөрдүк. Майрамдык иш-чараларга баардык курактагы адамдарды катыштырдык. Мындай иш-чараларга эл да абдан муктаж. Шаардык стадиондо өткөн майрамдык концертте элдин позитивдик маанай сезилип турду. Мындан ары да бул багыттагы иштерди уланта беришибиз керек”,- деди Иса Өмүркулов.