СЭИ кызматы “Сефайи-34” ЖЧКда шаарды көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузууларды аныктады
- Подробности
- Опубликовано 30.09.2013 12:01
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык кызматы Свердлов району боюнча жүргүзүлгөн санитардык рейддин жүрүшүндө Москва көчөсү, 86 дарегинде жайгашкан “Сефайи-34” ЖЧКна тиешелүү аймакта жана ошол эле дарек боюнча жеке адам Сабирходжаева М. тарабынан шаарды көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузууларды аныктады.
Аталган жерде кургак таштандылар баш аламандыкта, газондорго, жолго ташталат.
Санитардык рейддин жыйынтыгы менен “Сефайи-34” ЖЧКнун директору Ак Йылдыз Женгиздин жана М.Сабирходжаеванын атына КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488, 489-беренелери боюнча протокол толтурулуп, Свердлов райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |