ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Мамлекеттик тарых музейинде “Бишкек шаары” деген аталыштагы архивдик документтер жыйнагынын бет ачары болду

Мындай жыйнак биринчи жолу жарык көрүп жатат. Аталган жыйнакка КР мамлекеттик архивинин, КР саясий документтеринин мамлекеттик архивинин, ошондой эле Казахстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик архивдеринин материалдары, документтери киргизилди. Жыйнактын материалдары кинофотодокументтер архивинин сүрөттөрү менен иллюстрацияланды.  

 
Докуметалдык материалдар шаардын негизделиши жана кыска мөөнөттүн ичинде ири шаарга айланышы жөнүндө кеңири түшүнүк берет. Жыйнакка жалпысынан 312 документ кирди. Ал документтер илимий, маданият жана искусство мекемелеринин, завод фабрикалардын, өндүрүштүк мекемелердин негизделиши тууралуу баяндама берет.
 
Мындан тышкары, жыйнакка революцияга чейинки мезгилден тартып, бүгүнкү күнгө чейинки баш калаанын мэрлеринин сүрөттөрү жайгаштырылды. Жыйнак революцияга чейинки, советтик жана бүгүнкү күндөгү шаар турмушун камтыйт.
 

Бул китеп илимий-популярдуу китеп катары, шаарыбыздын тарыхын изилдөөчүлөр арасында зор кызыгууларды жаратат.