ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы Балдардын чыгармачылыгынын фестивалын өткөрдү

21-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясы баш калаанын 135 жылдыгына карата Балдардын чыгармачылыгынын фестивалын өткөрдү. Фестивалга шаарыбыздын 10 000дөн ашуун балдары катышты.

 

Иш-чара шаардын Дуб сейил багында өткөрүлүп, сейил бактын аймагы ар кыл багыттар боюнча шарттуу беш аянтчага бөлүндү.
 
Балдар чыгармачылыгынын борборлорунун педагогдору, тарбиялануучулары, жаш техниктер станциясынын өкүлдөрү, мектептердин куурчак театрларынын жамааттары, балдардын музыкалык, спорттук мектептеринин жамааттары көңүлдүү оюн-зоокторду шаардыктарга тартуулашты.
Атайын уюштурулган көргөзмөлөрдүн алкагында ар кандай багыттарда сүрөт тартуулар, чеберчиликке үйрөтүүлөр, шахмат оюну боюнча мелдештер, аба фигураларынын жана “Флористика” гүлдөр фестивалы өткөрүлдү.
 
Балдарды майрамы менен шаар башчысы Иса Өмүркулов куттуктап: “Фестиваль-балдардын майрамы. Биз балдарыбыздын чыгармачылыгын өстүрүүгө баардык шарттарды түзүп беришибиз зарыл. Мен фестивалдын ишине ийгиликтерди каалайм! Бүгүнкү өтүп жаткан фестиваль балдарыбыз үчүн көрүп жаткан көп кырдуу иштерибиздин бири”,- деди.
 
Шаарыбызда бул багыттагы фестиваль биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын белгилей кетебиз.