ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын №61-физика-математикалык мектеп-лицейине 50 жыл толду

Окуу жайдын педагогикалык жамаатын мааракеси менен шаар башчысы Иса Өмүркулов куттуктады.
 
“№61-мектеп-лицейин дайыма сыймыктануу менен атайбыз. Мектеп эзелтеден эле Кыргызстанда гана эмес, Советтер Союзундагы алдыңкы окуу жайлардан болуп келген. Мектептин бүтүрүүчүлөрү абройлуу жогорку окуу жайларда окуп, билим алышып, өндүрүштүн алдыңкы тармактарында эмгектенип жүрүшөт. Жарым кылымдык басып өткөн жолунда мектеп көптөгөн ийгиликтерди жаратты. Бул мектептин педагогикалык жамаатынан зор эмгеги”,-деди И.Өмүркулов.
 
№61-мектеп-лицейинде 4 эмгек сиңирген мугалим, 38 билим берүүнүн отличниктери эмгектенишет. Мектептин окуучулары шаардык, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү. 2012-2013-окуу жылында шаардык олимпиаданын 16, республикалык олимпиаднын 3 жеңүүчүсү чыкты, ал эми 3 эл аралык олимпидада 17 алтын сертификат жеңип алышты.
 
Шаар башчысы мектеп-лицейине белекке интерактивдик такта берди.