ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында “Бишкек шаарынын адистештирилген мектепке чейинки жана көмөкчү билим берүү мекемелеринде окутуу шарттарын жакшыртуу долбоорунун” алкагында жабдууларды жана эмеректерди тапшыруу аземи болду

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, Кыргыз Республикасындагы Япониянын Толук Ыйгарымдуу Элчиси Такаюки Коикэ мырза, вице-мэрлер жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

 
Аталган долбоордун алкагында шаардын 11 адистештирилген мектепке чейинки жана 3 көмөкчү билим берүү мекемелерине: ашкана жабдуулары, ашкана буюмдары, балдар үчүн керебеттер, эмеректер, спорт каражаттары тапшырылды. Берилген жабдуулардын жалпы көлөмү 114 198 АКШ долларын түзөт.
 
 Долбоордун негизги максаты болуп шаардын адистештирилген мектепке чейинки жана көмөкчү билим берүү мекемелеринде окутуу шарттарын жакшыртуу саналат.
 
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасындагы Япониянын Элчилиги менен баш калаанын мэриясынын ортосунда “ Бишкек шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо” долбоору боюнча  гранттык келишимге кол коюлду.
 
Долбоордун максаты шаардын көчөлөрүнө жол белгилерин коюу.
 
Шаар башчысы И.Өмүркулов: “Бул долбоор жолдордогу абалды бир топ деңгээлге жакшыртат”,- деди.
 
Аталган долбоор боюнча Япония Өкмөтү 241 375 АКШ долларын бөлөт. Долбоорду ишке ашыруу, тендер өткөрүү боюнча иш-чараларды Япония тарап өз жоопкерчилигине алат.