ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын 135 жылдык мааракесин белгилөө боюнча иш-чаралардын алкагында 2013-жылдын 28-сентябрында шаардык “Ак кула” ат майданында кеңири программадагы ат оюндары өткөрүлөт

Бишкек шаарынын 135 жылдык мааракесин белгилөө боюнча иш-чаралардын алкагында 2013-жылдын 28-сентябрында шаардык “Ак кула” ат майданында кеңири программадагы ат оюндары өткөрүлөт.

 
Мелдештерге республиканын Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана коңшу мамлекеттеринин ат-чеберлери катыша алышат.
 
Ат оюндары төмөндөгү программада өткөрүлөт:
 
-          Таза кандуу күлүктөрдү кыска аралыкка чабуу
Таза кандуу күлүктөр кыска аралыкка – 1800 метрге чабылат. Жарышка түшчү күлүктөр жеке күбөлүктөрү менен каттоодон өтүшү талап кылынат. Байгеге акчалай сыйлык каралат.
-          Кунан чабыш
Жарышка кунандар катышып, 11 000 метрге чабылат. Байгеге акчалай сыйлык каралат.
-          Топ байге
Топ байгеге катышуучу күлүктөр 13 200 метр аралыкка чабылат. Мелдешке катышуу үчүн атайын уруксат алуу талап кылынат. Байгеге акчалай сыйлык каралат.
-          Жорго салыш
Жорго салышка  жорголор катыша алышат жана 11 000 метрге кое берилет. Баш байгеге автоунаа коюлат.
-          Аламан байге
Аламан байгеге күлүктөр 20 000 метр аралыкка чабылат. Күлүктөрдүн мелдешке катышуу үчүн атайын уруксат алышы талап кылынат. Баш байгеге автоунаа коюлат.
 
Ат оюндары боюнча мелдештеди Бишкек шаарынын мэриясынын Дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан бекитен калыстар тобу тейлейт.
 
Салтанаттуу иш-чарага "Азиянын жигиттери" каскадерлор тобу катышып, өздөрүнүн ат үстүндөгү чеберчиликтерин жана өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Ошону менен бирге, кыз куумай, оодарыш, тыйын эңмей, ат үстүндөгү трюктарды көрүүчүлөргө тартуулашат.
 
Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерт менен коштолот.