ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы тышкы жарыктандырууну жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө

Бүгүнкү күндө 32 мамлекеттик имараттар, 67 турак-жай имараттары жарыктандырылды.

 

Шаар мэриясынын демилгесин, өздөрүнө тиешелүү имараттарды жарыктандыруу менен, жеке ишканалар колдоодо.

 

Манас проспекти жана Байтик Батыр көчөсү боюнча жол өтмөлөрүнө жарык берүү чубалгылары толук тартылды.
 
“Шаардын борбордук көчөлөрүндө натрий лампалары металлгалогендүү лампаларга алмаштырылды. Учурда калган көчөлөрдө иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, чакан эс алуу аймактарын уюштуруу иштери кызуу аткарылып жатат. Эркиндик бульварында тышкы жарыктандыруу каражаттары жаңыртылып, орундуктар оңдолуп, жолго брусчаткалар төшөлүп жатат”,- деп белгиледи вице-мэр Б.Дүйшөмбиев.