ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2014-жылдын май айында Кыргызстанда түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлери менен архитекторлорунун VI курултайы өтөт

Бүгүн, 10-сентябрда  “Кыргызстанда өтүүчү түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлер жана архитекторлорунун курултайы”  деген темада маалымат жыйыны өттү.

 
Маалымат жыйынына Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов, түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор Кеңешинин төрагасы, Түрк Республикасынын транспорт министрлигине караштуу автожолдор бирикмесинин башкы директору Мехмет Жахит Турхан катышты.
 
2014-жылдын май айында Кыргызстанда түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлери менен архитекторлорунун VI курултайы өтөт. Курултайга дүйнөнүн түрк тилдүү өлкөлөрүнүн инженерлери жана архитекторлору, коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, окмуштуулар катышып, шаар куруунун негизги маселелерин талкуулашат. Курултайдын иши төрт күнгө уланып, эки күнү Бишкекте, эки күнү Ысык-Көлдө өтөт.
 
Шаар башчысы Иса Өмүркулов, “ Курултай биз үчүн зор мааниге ээ. Курултайдын алкагында Бишкек шаары муктаж болуп турган бир топ долбоорлор иштелип чыгат. Аталган иш-чара шаар куруу иштерин илгерлетүүгө өбөлгө түзөт”,- деди.
        
Курултайга 36 өлкөдөн делегация жана түрк маданиятын биргелешип өнүктүрүү эл аралык уюмуна кирген Азербайжан, Казахстан, Россия, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстандын өкүлдөрү катышат.                                                        
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлеринин жана архитекторлорунун курултайынын максаты болуп – түрк архитектурасынын жана шаар куруунун алдыңкы үлгүлөрүн кеңири жайылтуу, түрк дүйнөсүнүн байыркы тарыхий эстеликтеринин сакталыш маселелерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу, учурдагы шаар куруу менен байыркы шаар куруу салттарын айкалыштыруу, архитектура жана шаар куруу тармагындагы түрк мамлекеттеринин жетишкендиктерин даңазалоо саналат.
        
Курултайдын иши, учурда жок болуп кетүү коркунучунда турган,  түрктилдүү элдердин архитектурасын илимий-практикалык жактан изилдөө, байыркы эстеликтердин сакталышын камсыз кылуу боюнча түрк тилдүү өлкөлөрдүн аракеттерин бириктирүүгө багытталат.