ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте тышкы жарыктандыруунун төрт магниттик панелинин аралыкта башкаруу боюнча тетиктери уурдалды

Шаардын Манас проспекти жана Токтогул, Чүй проспекти жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилиштеринде жайгашкан тышкы жарыктандыруунун төрт магниттик панелинин аралыкта башкаруу боюнча тетиктери уурдалды.

 

“Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын башчысы Э.Түлкиевдин билдирүүсү боюнча келтирилген чыгымдын көлөмү 14 000 сомду түзөт.
 
Аталган тетиктер жарыктандырууда электр кыймылдаткычын аралыкта жандырып, өчүрүү үчүн колдонулат.
 
Магниттик панелдер тышкы жарыктандырууда көчөлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылып туруу үчүн колдонулат.
 
Бир панель бир кварталды жарыктандырууга эсептелген.