ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада “Бекем тиш” акциясы өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаменти үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында саат 8-00дөн 17-00го чейин шаардык № 2, 3, 4, 5, 6-стоматологиялык мекемелеринде “Бекем тиш” акциясын өткөрдү.

 
Акция Бишкек шаарынын күнүн белгилөө иш-чараларынын алкагында өткөрүлдү.
 
Бул күнү шаардын дарыгерлери тарабынан 3476 адам кабыл алынды. Алардын 1208и жаш балдар. Кабыл алынган адамдардын ичинен 70% ооз көңдөйүн тазалоого муктаж.
 
Акция акысыз негизде өткөрүлгөндүгүн эске салабыз.
 
Шаардык №4-стоматологиялык мекеменин кызматкерлери тарабынан тиш жуугучтар, тиш пасталары, калем саптар белекке таркатылды.