ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада “Жүрөккө жүрөк”аталышындагы акция өткөрүлөт

Баш калаада Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аянтта 7-сентябрда саат  10-00до “Жүрөккө жүрөк” аталышындагы акция өткөрүлөт.

 
Иш-чара ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлмөкчү.
 
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги уюштурууда.
 
Акция Бишкек шаарынын 135 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын алкагында өткөрүлүп, ага ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 400 өспүрүм катышат жана аларга белектер тапшырылат.
 
Учурда шаардык социалдык өнүктүрүү органдарында ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 12,5 миң адам каттоодо турат.
 
Бүгүнкү күнү Бишкек шаарында 3 көмөкчү мектеп, 10 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемелери, адистештирилген 5 спорт бөлүмү иштейт.
 
Ошондой эле шаарда социалдык, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүү борбору иш алып барат. Борборго шаардык бюджеттен жыл сайын 6,4 млн. сом бөлүнөт.
 
Бишкек шаарынын мэриясы ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иш алып барган 36 коомдук уюмдар, борборлор менен тыгыз иш алып барат.
 
Алар :
-          Азиздердин жана дүлөйлөрдүн борбордук башкармасы;
-          Майыптардын райондук коомдору;
-          Майыптардын республикалык көз карандысыз ассоциация;
-          Майып балдарды кесипке даярдоо “Ювентус” борбору;
-          Майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясы;
-          Майыптардын “Достук” мээримдүүлүк уюму;
-          Майыптардын “Икар” коому;
-          Жалгыз бой майып энелердин “Бейтап” көз карандысыз бирикмеси;
-          “Оберег”, “Родничок”, “Үмүт – Надежда” калыбына келтирүү борборлору ж.б..