ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте август айында тейлөө тармагынын 4 объекти реконструкциядан өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

 

 

Август айында Бишкек шаарынын мэриясынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнө 63 кайрылуу жана арыздар келип түшкөн.

 
Кайрылуу жана арыздар боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 2000 сом өлчөмүндөгү материалдык чыгымдардын орду толукталды.
 
Андан тышкары, Бишкек шаары, Сокулук, Аламүдүн райондору боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук аймактык башкармалыктары менен биргеликте тейлөө тармагынын реконструкцияланып, пайдаланууга берилген  объекттери тескөөдөн өткөрүлдү.
 
Үстүбүздөгү жылдын август айында тейлөө тармагынын 4 объекти реконструкциядан өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
 
Ошону менен бирге мыйзамсыз, баш аламандыкта соодо кылууну жоюу боюнча иш-чаралар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.