ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматы “Оптовик” дүкөнүнө тиешелүү аймакта санитардык ченемдердин бузулушун аныктады

Шаардын Ленин району боюнча өткөрүлгөн кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө, СЭИ кызматы Чүй проспекти, 226 дарегиндеги “Оптовик” дүкөнүнө тиешелүү аймакта санитардык ченемдердин бузулушун аныктады.

 
 Дүкөндүн айланасына кургак таштандылар баш аламандыкта жыйылып, Чүй проспектинин тилкесине чейин чачылып кеткен. 2013-жылга “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен таштандыларды чыгаруу боюнча келишим түзүлгөн эмемс.
 
Рейддин жыйынтыгы менен дүкөндүн директорунун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.