ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыктарын билдирет

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Свердлов району боюнча өткөрүлгөн санитардык рейддин жүрүшүндө шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарын бузууларды аныктады.

 
Шопоков көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан “Бегемот” тез тамактануу түйүнүнүн айланасы антисанитардык абалда кармалып, кургак таштандылар каптарга жыйылат, түйүн канализациялык системага кошулбагандыктан суюк таштандылар баш аламандыкта чогултулуп, тротуарга чейин агып турат.
 
Рейддин жыйынтыгы менен “Бегемот” тез тамактануу түйүнүнүн ээсинин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488, 489-беренесине ылайык протокол толтурулуп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
 
Жумабек көчөсү, 121 дарегинде жайгашкан “Бакыт” үйүнө тиешелүү аянтта кызмат көрсөтүү үчүн чатырча коюлган. Айланасы антисанитардык абалда кармалат, идиш-аяк жуулган суу баш аламандыкта төгүлөт, же коомдук ажаатканада жуулат.
 
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен акт түзүлүп, Муниципалдык менчик башкармалыгына жана Санитардык-эпидемиологиялык кызматка жиберилди.