Шаардын Эркиндик бульварын көрктөндүрүү иштери улуантылууда
- Подробности
- Опубликовано 23.08.2013 13:49
Бишкек шаарынын Биринчимай райондук администрациясы Кыргыз инвесткредит банкынын колдоосу менен шаардын эң кооз бульварларынын бири болгон Эркиндик бульварын көрктөндүрүү жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө.
Учурда бульвардын Чүй проспектинен Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 81 орундук сырдалды, 60 декоративдик таштанды челектери орнотулду, тышкы жарыктандыруу капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жаңы үлгүдөгү энергия үнөмдөөчү лампалар коюлду.
Эркиндик бульварына брусчаткалар төшөлүп, жер алды менен өтчү 700 п/м электр чубалгылары алмаштырылды.
Бульварга кыргыздын улуу акындары Т.Үмөталиевдин, Ж.Бөкөнбаевдин, эгемен Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Н.Исановдун эстеликтери коюлган.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |