ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Бүгүн, 23-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда мугалимдердин август кеңешмеси өттү.

 

Август кеңешмесине Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов, КР Билим берүү жана илим министри К.Садыков, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, педагогдор, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Шаардык педагогдорду жаңы 2013 – 2014-окуу жылы менен шаар башчысы И.Өмүркулов куттуктады.
 
Өз сөзүндө ал, “Бүгүнкү күндө жаш муундарга билим берүү – биздин негизги камкордугубуз гана болбостон, өлкөбүздүн келечеги да болот. Демек бул баардыгыбыздын эң негизги максатыбыз. Билим берүүнү өнүктүрүүгө, балдарыбыздын сапаттуу билим алышы үчүн жалпыбыз салымыбызды кошушушубуз зарыл.
 
Бишкек шаарынын окуучуларынын билиминин сапатын жана деңгээлин республикалык, эл аралык олимпиадалардын жыйынтыктары айгинелеп турат. Шаардык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнөн болуп 133 окуучу, 58 окуучу республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнөн болушуту жана 2013-жылы шаарыбыз республикада биринчи орунду камсыз кылды. Ошону менен бирге республика боюнча 50 алтын сертификаттын 33 серитфикатына шаарыбыздын окуучулары татыктуу болушту жана ЖОЖдордун бюджеттик бөлүмдөрүнөн билим алуу укугуна ээ болушту”,- деди.
 
Кошумча маалымат: 2013-жылы шаардык билим берүү башкармалыгына 1 млрд. 600 млн. сом каражат бөлүнгөн.
Бишкек шаары боюнча 94 орто мектеп бар. 2013-2014-окуу жылында шаардын мектептеринин биринчи класстарына 13 миң окуучу кабыл алынат. Биринчи класска кабыл алуу 5-сентябрга чейин жүргүзүлгөдүктөн, окуучулардын саны 15 миңге чейин өсүүсү күтүлүүдө. Өткөн окуу жылында биринчи класстарга 13 миң окуучу кабыл алынган.
 
Республика боюнча быйылкы окуу жылында 109-110 миң окуучу мектеп босогосун атташат, ал эми өткөн окуу жылында 108 миң окуучу мектептерде билим алышкан.