Айни көчөсүнүн Манас проспекти менен кесилишинде эс алуу чакан аймагы уюштурулду
- Подробности
- Опубликовано 21.08.2013 10:39
Аталган көчөдө жайгашкан “Байчечекей” соода комплексинин айланасы тазаланып, ирээтке келтирилди.
Ал жерге 11 жаңы орундук, 4 жаңы тышкы жарык берүү каражаты, 9 жаңы таштанды үкөкчөлөрү орнотулду. Көрктөндүрүүнүн баардык элементтери бирөңтөй тандалган.
Жакынкы убакта чакан эс алуу аймагы жашылдандырылып, көрктөндүрүлөт жана ландшафт түрүндө кооздолот.
Соода борборунун айланасына гүлдөр үчүн идиштер орнотулуп, ага гүлдөр отургузулат жана жарыктандырылат.
Өткөн жылы Айни жана Жаманбаева көчөлөрүндө жайгашкан жеңил конструкциядагы соодо түйүндөрү алынып салынган.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
24.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |