“Келечек” жаңы конушунда жол курулушу аяктоо алдында
- Подробности
- Опубликовано 20.08.2013 13:50
“Келечек” жаңы конушундагы жолдун курулушу 2012- жылы башталган. Курулуш иштери айрым обьективдүү себептерге байланыштуу токтотулуп, учурда аяктоонун алдында турат.
Жолдун узундугу 1237 км, туурасы 6,6 м түзөт, тротуарлардын туурасы 1,5 м түзөт.
Азыркы учурда сугат тармагы оңдолуп, жол белгилери чийилди жана жол кыймылынын белгилери орнотулууда.
Жолдун кеңейтилишине байланыштуу 54 мыйзамсыз курулган чарба курулуштары алынып салынды. Жалпысынан 24 млн. сом өлчөмүндө курулуш иштери аткарылды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |