ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар курулуш ченемдерин тиешелүү көзөмөлгө алышпагандыгы үчүн айрым жетекчилерге сөгүш жарыяланды

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Бишкек башкы архитектурасынын,  Муниципалдык менчик башкармалыгынын, Биринчимай районунун жана КР Өкмүтүнүн алдындагы Бишкек шаары, Сокулук, Аламүдүн райондору боюнча экологиялык жана техникалык регионалдык башкармалыгынын иштерин натыйжасыз деп белгиледи.

 

Шаардын батыш автобекетинин аймагындагы уруксатсыз жүргүзүлүп жаткан курулуш обьектиси үчүн Бишкек башкы архитектурасынын,  Муниципалдык менчик башкармалыгынын, Биринчимай районунун жетекчилерине шаар башчысы сөгүш жарыялады. Ал эми КР Өкмүтүнүн алдындагы Бишкек шаары, Сокулук, Аламүдүн райондору боюнча экологиялык жана техникалык регионалдык башкармалыгынын жетекчисин кызматтан бошотуу жөнүндө сунуш даярдоо тапшырмасын берди.
 
Андан тышкары, Иса Өмүркулов үч күндүк мөөнөттүн ичинде курулуш обьектин бузуп, батыш автобекеттин айланасын тартипке келтирүү, шаардык МАИ кызматына жол кыймылын жөнгө салуу боюнча  тапшырмасын берди.