Бишкекте 20-августта жашы жетелектердин иштери боюнча комиссиянын каттоосунда турган балдар жана өспүрүмдөр арасында спартакиада башталат
- Подробности
- Опубликовано 19.08.2013 17:45
Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети үстүбүздөгү жылдын 19-августунан баштап, Жибек-Жолу проспекти, 462-а дарегинде жайгашкан спорт аянтчасында, жашы жетелектердин иштери боюнча комиссиянын каттоосунда турган балдар жана өспүрүмдөр арасында спартакиада өткөрөт.
Спартакиаданын ачылышы 20-августта саат 11-00до белгиленүүдө.
Иш-чара балдар жана өспүрүмдөр арасында спортту, сергектикти пропагандалоо максатында өткөрүлөт.
Мелдештерге райондук тандоолордон ийгиликтүү өткөн, шаардын мыкты командалары катышат.
Спартакиаданын жеңүүчүлөрү дене-тарбия жана спорт комитетинин дипломдору жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышат
.
Эске сала кетсек, Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети КТРК, кыргыз эстрада жылдыздары менен биргеликте балдар, өспүрүмдөр арасында “Нептун майрамы”, “Суучулдар күнү”, “Аптап таймаштары” сыяктуу спорттук, сууда сүзүү иш-чараларын өткөрдү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |