ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик салык башкармалыгы үстүбүздөгү жылдын 20-августунда кыймылдуу мүлккө төлөнүүчү салыктын мөөнөтү аяктарын эске салат

Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик салык башкармалыгы үстүбүздөгү жылдын 20-августунда кыймылдуу мүлккө төлөнүүчү салыктын мөөнөтү аяктарын салык төлөөчүлөрдүн эсине салат. Салык төлөө мөөнөтү толугу менен 2013-жылдын 1-сентябрында аяктайт.

 

Бишкек шаары боюнча салык кызматтарынын каттоосунда 180 миңден ашык унаа каттоодо турат.
 
Өткөн 2012-жылы Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнө транспорт салыгы түрүндө 196493,2 миң сом түшкөн.
Салыктын аталган түрү боюнча 2013-жылга белгиленген план 203574,7 миң сомду түзөт.
15-августка карата шаардык салык кызматтары тарабынан 131772,8 миң сом чогултулду. Жылдык план 64,7% түздү. Пландан артта калуу 71801,9 миң сомду түзөт.
 
КРнын премьер-министринин тапшырмасына ылайык жана кыймылдуу мүлккө салыкты Бишкек шаары боюнча толук чогултуу максатында салык жана жол коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам топтор түзүлгөн. Учурда ыкчам топтор калк арасында жана унаа ээлери менен түшүндүрүү иштерин алып барышууда.
 
21-августтан тартып салык кызматынын өкүлдөрү, кыймылдуу мүлккө өз убагында салык төлөбөгөндүгү үчүн, “КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексине ылайык жеке тарптарга 2000 сом, ал эми юридикалык тараптарга 5000 сом өлчөмүндө айып чегере баштайт.
 
2013-жылдын 1-январына карата Бишкек шаарында мүлктөрдүн 1 тобу  боюнча 196414 бирдиги бар (турак-жайлардын 65269, батирлердин 131145 бирдиги), алардын ичинен 10953 бирдигинен салык алынат, анын ичинен 4544 турак-жай, 6409 батирлер болуп саналат.
2012-жылы салыктын бул түрү боюнча шаардык бюджетке 40731,3 миң сом түшкөн.
2013-жылга белгиленген пландын көлөмү 59367,7 миң сомду түзсө, 15-августка карата 41095,3 миң сом чогултулган. Жылдык планды аткаруу 69,2% түзөт, пландан артта калуу 18272,4 миң сомду түзөт.
 
Жылдык планды аткаруу, кыймылсыз мүлккө салыкты толук жыйноо жана КР Салык кодексинин 131-беренесин аткаруу максатында Бишкек шаарынын мэриясы, Салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте кеңешме өткөрүлгөн.
 
Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып салык кызматынын өкүлдөрү салыкты өз мөөнөтүндө төлөбөгөн жарандарга эскертүүлөрдү берип, административдик чараларды колдоно баштайт.