ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматы шаардын “Улан-2” жана “Асанбай” кичи райондорундагы курулуш объектилеринде шаарды көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузууларды аныкташты

Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө СЭИ кызматкерлери шаардагы эки курулуш объектиндешаарды көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузууларды аныкташты.

 
“Улан-2” кичи районунда жайгашкан “Ак-Тулпар” ЖЧКго тиешелүү үйдүн айланасында кургак тиричилик таштандыларын өртөө катталган.
 
Андан тышкары, “Асанбай” кичи районундагы “Мега-Строй” ЖЧКнын курулуш объектинде антисанитардык абал түзүлүп, курулуш таштандылары баш аламандыкта жыйналат.
 
Рейддин жыйынтыгы менен “Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык “Ак-Тулпар” ЖЧК жана “Мега-Строй” ЖЧКнын жетекчилигинин атына протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.