ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада кичи эс алуу аймактарын уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө

Шаардын Биринчимай райондук администрациясы тарабынан шаардыктардын эс алуусу үчүн оңтойлуу шарттарды түзүү максатында кичи эс алуу аймактарын уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.

 
Бүгүнкү күнү  №13-муниципалдык өз алдынча башкаруусуна караштуу “Айпери” соода комплексининин, “Народный-Шумкар” дүкөнүнүн, №12- муниципалдык өз алдынча башкаруусуна караштуу Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде, №15- муниципалдык өз алдынча башкаруусуна караштуу Садыгалиев жана Власов көчөлөрүнүн кесилишинде, №16- муниципалдык өз алдынча башкаруусуна караштуу профессор Зима көчөсүндө кичи эс алуу аймактарын ачуу үчүн орундар аныкталып, уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.