ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарында “Балдар биздин келечегибиз” аттуу теннис боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт

2013-жылдын 25-августунан 29-августуна чейин Бишкек шаардык Балдардын жана өспүрүмдөрдүн адистештирилген спорттук мектебинин теннис аянтчаларында “Балдар биздин келечегибиз” аттуу теннис боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт.

 

Мелдештер жалгыз жана кош разрядда, жаш өзгөчөлүгүнүн үч тобу боюнча өткөрүлөт:
 
1-топко 2002-жылы жана кийин туулгандар;                                                                           
2-топко 1999-2001-жылы туулгандар;                                                                              
3-топко 1996-1998-жылы туулган спортчулар кирет.
 
Ошондой эле мелдешке жаштарына карабастан теннис сүйүүчүлөрү да катыша алышат.
 
Эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт агнттигинин медальдары, кубоктору жана демөөрчүлөрдүн баалуу сыйлыктары менен сыйланышат.