ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте тротуарларды оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат

Шаар бийлиги үстүбүздөгү жылы жолдору оңдоо менен гана чектелбестен, тротуарларды да оңдоону негизги максат катары белгилөөдө.

 

Тилекке каршы, мурда бул маселеге көңүл бөлүнбөй келген.

 

Шаар башчысы И.Өмүркулов райондук администрациялардын башчыларына тротуарларды оңдоо иштерин баштоо боюнча тапшырмаларды берди. Өткөн жылдары бул маселеге негизсиз эле тиешелүү көңүл бөлүнбөй келген деп эсептейт шаар башчысы.
 
Быйылкы жылы да бюджеттик каражаттар бөлүштүрүлүп калгандыгына байланыштуу, бул багытта аткарылуучу иштердин көлөмү өтө чоң эмес.
 
Азыркы учурда тротуарларды оңдоо иштери шаардын Ленин районунда башталды.
Кыргызстандын Эл аралык университетинин айланасына брусчатка төшөө иштери башталып, 180 чарчы метр жерге брусчатка төшөлөт. Мындан тышкары, Москва көчөсү боюнча №13-мектепти бойлой кеткен тротуар оңдолууда. Тротуардын жалпы узундугу 400 чарчы метрди түзөт. Чүй, Тынчтык проспектилеринде жайгашкан №8, №9-мектептердин айланасындагы тротуарлар оңдолуп, 120 чарчы метрге брусчатка төшөлдү.