ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун орозо айт майрамы менен куттуктоосу

 
Кадырлуу мусулмандар!               
                                                                        Урматтуу калайык калк!
 
 
Сиздерди чын  дилимден ыйык Орозо айт майрамыңыздар  менен куттуктаймын!
                                                                              
 
Мезгилдердин эң ыйык жана берекелүүсү Орозо айы – жан-дүйнөгө береке - кут ташыган, руханий байлык көрктөнгөн мезгил. Орозо айынын ар бир күнү мусулмандар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү алып келген мезгил.    
       
Өлкөбүздөгү мусулмандар элибизди тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке, сабырдуулукка чакырып, жакшылыктын элчиси болуп, ниетин тазартуусу алардын адам катары, мусулман катары ыйык милдети.              
           
Кыргызстан эли дүйнө эли менен биргеликте тынчтык аркылуу бакубат  турмушка жетүүгө умтулат. Адамзат бөлүнбөстөн, бири-бирине бир туугандай мамиле жасаганда гана Кудайдын ырайымына ээ болоору талашсыз. Мындай биригүүгө ыйык Орозо айы ыңгайлуу шарт түздү.
 
Жалпы журтубуз дилибизди тазартып, ниетибизди агартып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакта жашасак, Кыргызстандын келечеги кең болооруна ишенем.
 
Туткан отуз күндүк орозоңуздардын кабыл болуусуна тилектешмин жана үй-бүлөңүздөрдө тынчтык, элибизге бейпилдик, ынтымакты каалайм!
 
Жараткан Алла Таала үстүңүздөргө ар дайым ачык асман, бакубат турмуш орнотуп, ийгиликте, сабырдуулукта жана чың ден-соолукта жашаңыздар! Дайыма бири-бирибизге кайрымдуу, бири-бирибизге карамдуу бололу жана бир туугандык, боордоштук сезимибизден эч качан ажырабайлык.                                      
                                              
Айтыңыздар маарек болсун, бар болуңуздар!