Үстүбүздөгү жылдын 5-6-августунда балдардын жайкы эс алуусунун алкагында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен “Аптап таймаштары” аттуу суу-спорт оюндары боюнча майрам өткөрүлөт
Үстүбүздөгү жылдын 5-6-августунда балдардын жайкы эс алуусунун алкагында Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети КТРК менен биргеликте жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен “Аптап таймаштары” аттуу суу-спорт оюндары боюнча чоң программадагы майрам өткөрөт.
Аталган иш-чаранын максаты шаар тургундарын спортко жана ден-соолукту чыңдоого багытталат.
Спорт майрамын өткөрүү үчүн “Асанбай” кичи районунда жайгашкан бассейн тандалып алынды, ал жерге шаардын баардык тургундары келип катыша алышат.
Иш-чаранын ачылышы “Асанбай” кичи району, Г.Айтиев көчөсү, №13-үй дареги боюнча, 5-августта саат 15-00 до башталат.
Спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медальдары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
02.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |