ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Үстүбүздөгү жылдын 3-августунда Дуб сейил багында ишембилик өткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы Мекендештердин Бирикмеси Ассоциациясы менен биргеликте 3-августта Дуб сейил багында ишембилик өткөрөт.

 

Дуб сейил багы Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан.

 

Иш-чаранын катышуучулары бактарды бутап, сейил багынын аймагын тазалашат. Бактын жалпы аянты 1,5 га түзөт. Сейил бакта 782 түп бак-дарактар отургузулган жана 100 п/м сугаруу тармактары бар.
 
Аталган иш-чара Мекендештердин Бирикмеси Ассоциациясынын негизделгендигинин үч жылдыгына арналат.