ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада шаар жолдорун оңдоо иштери кызуу жүргүзүлүүдө

Шаардын Гагарин көчөсүнүн Чапаев көчөсүнөн Псковская көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальттын экинчи катмарын төшөө жүхргүзүлүп жаткандыгын Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

 

Асфальттын экинчи катмарын төшөө жуманын ичинде аяктамакчы.

 

Жолго асфальттын биринчи катмарын төшөө өткөн жумада жүргүзүлгөн.
 
Жолдун бул бөлүгүнүн узундугу 700 метрди, туурасы 15 метрди түзөт. Жолдун туурасы 4 метрге чейин кеңейтилип, жол кыймылы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
 
Долбоор боюнча Гагарин көчөсүндөгү жолго эки катмарлуу асфальт төшөлүп, тротуарлар оңдолуп, жол тосмолору орнотулат, жол белгилери коюлат жана тышкы жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт.
 
Гагарин көчөсүн реконструкциялоо этаптуу жүргүзүлүп, беш тилкеге бөлүнгөн. Азыркы мезгилде жолдун Манас проспектинен Чапаев көчөсүнө жана Тимур Фрунзе көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейинки бөлүктөрү реконструкцияланып, жол кыймылы ачылды. Ал эми Термечиков көчөсүнөн Бах көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол кыртышын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Август айында Бах көчөсүнөн Некрасов көчөсүнө чейинки бөлүктү реконструкциялоо башталат.
 
Гагарин көчөсүнүн жалпы узундугу 4,2 км түзөт.
 
Жолду реконструкциялоо Түркия насыясынын алкагында жүргүзүлүүдө.